Соцфонд: Жыл башынан бери пенсияга 50,5 млрд сом каржыланды
2024-жылдын январь-июль айларында пенсияга 50 млрд 580 млн 454 миң 93 сом каржыланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду кабарлайт.
Облус жана шаарларга жогорудагы сумма төмөнкүдөй бөлүнгөн:
Бишкек шаары – 8 млрд 330 млн 44 миң 367 сом;
Чүй облусу – 7 млрд 617 млн 788 миң 133 сом;
Нарын облусу – 3 млрд 953 млн 84 миң166 сом;
Ысык-Көл облусу – 4 млрд 539 млн 724миң 663 сом;
Талас облусу – 2 млн 80 млн 929 миң 770 сом;
Ош шаары – 1 млрд 836 млн 823 миң 251 сом;
Ош облусу – 9 млрд 219 млн 431 миң 90 сом;
Баткен облусу – 4 млрд 343 млн 431миң 922 сом;
Жалал-Абад облусу – 8 млрд 659 млн 196 миң 733 сом.