Швейцариядагы окуяда жабыркаган кыргызстандыктар жок
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Швейцария Конфедерациясынын Кран-Монтана тоо-лыжа курортунда 1-январга караган түнү орун алган өрттөн улам болгон кайгылуу окуяга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы элчилиги Швейцариянын компетенттүү органдары менен ыкчам байланышта болуп, каза болгондордун же жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын бар же жок экендиги тууралуу маалыматты тактоодо.
Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, каза болгондордун же жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.
”Тышкы иштер министрлиги кырдаалды туруктуу көзөмөлдөп, Кыргыз Республикасынын жарандары жабыркагандардын арасында болушу мүмкүн деген жагдайды тактоо боюнча ишти улантууда”,-деп айтылат ТИМдин маалыматында.