ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары: “Манас” аэропортунда чектөөлөр киргизилет

 ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары: “Манас” аэропортунда чектөөлөр киргизилет

ШКУ саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө байланыштуу “Манас” эл аралык аэропорту 2026-жылдын 31-августунда жана 1-сентябрында өзгөчө иш режимине өтөт. Мамлекет башчыларынын жана расмий делегациялардын аба кемелерин кабыл алууну жана тейлөөнү камсыз кылуу максатында күндүзгү убакта туруктуу жүргүнчүлөр каттамдарын кабыл алууга жана учурууга убактылуу чектөөлөр киргизилет.

31-августта чектөөлөр саат 09:00дөн 20:00гө чейин киргизилет. Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында саммиттин катышуучуларынын келишине байланыштуу жүргүнчүлөр каттамдарын кабыл алуу жана учуруу убактылуу чектелет.

1-сентябрда аэропорт өзгөчө режимде ишин улантат. Жүргүнчүлөр каттамдарын аткарууга коюлган чектөөлөр саат 10:00дөн 22:00гө чейин колдонулат.
Учурда “Кыргызстан аэропорттору” ААК авиакомпаниялар менен биргеликте зарыл болгон координациялык жана маалыматтык иштерди алып барууда.

Авиакомпанияларга каттамдардын ырааттамасын алдын ала тактоо, айрым каттамдардын учуу убактысын жеткиликтүү убакыт аралыгына жылдыруу же зарыл болгон учурда аларды токтотуп туруу сунушталды.

Ошол эле учурда “Манас” эл аралык аэропорту өз ишин толугу менен токтотпойт. Түнкү убакта, чектөөлөр колдонулбаган мезгилдерде, аэропорт жүргүнчүлөр каттамдарын тейлөөнү улантат.

“Кыргызстан аэропорттору” ААК 31-августта жана 1-сентябрда сапарга чыгууну пландап жаткан жүргүнчүлөрдөн актуалдуу ырааттаманы көзөмөлдөп турууну, өз каттамынын статусун авиакомпаниядан алдын ала тактоону, учуп кетүү жана учуп келүү убактысында мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрдү эске алууну өтүнөт.

Убактылуу чектөөлөр саммит өтүп жаткан мезгилде коопсуздукту камсыз кылуу жана расмий делегацияларды кабыл алууну уюштуруу зарылдыгына байланыштуу киргизилүүдө.

“Кыргызстан аэропорттору” ААК мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жүргүнчүлөрдөн аэропорттун ишиндеги убактылуу өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Связанный пост