Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш майрамы менен куттуктады
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттуктады.
“Бул улуу күн адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу жана кандуу согушта жеңишке жеткен боордош элдерибиздин жеңилбес эркинин, бекемдигинин жана биримдигинин түбөлүк символу, чыныгы баатырдыктын жана кайраттуулуктун белгиси болуп саналат.
Биз ар дайым согуш талааларында элдерибиздин тынчтыгы менен эркиндигин коргоп, оорукта жан аябастык менен эмгектенген аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын ыйык элесине таазим кылабыз. Алардын чыныгы баатырдыгы жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.
Элдерибиздин жалпы кызыкчылыгы үчүн мамлекеттерибиздин ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүп, достук, коңшулаштык жана өз ара түшүнүшүү духундагы байланыштарды мындан ары да чыңдай аларыбызга ишенем.
Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, кажыбас күч-кубат жана жооптуу мамлекеттик ишмердигиңизде албан ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат телеграммада.