Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет статусун алуу максатында Иран Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө Меморандум ратификацияланды

 Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет статусун алуу максатында Иран Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө Меморандум ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2022-жылдын 16-сентябрында Самарканд шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет статусун алуу максатында Иран Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. (2 июня 2023 года № 115).

 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 25-майында кабыл алынган.

 

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда түзүлгөн Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат, Иран Ислам Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуусу максатында кабыл алынган.

 

Жогоруда аталган Меморандум менен Иран Ислам Республикасы 2002-жылдын 7-июнундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Хартиясынын максаттарын жана принциптерин, 2007-жылдын

16-августундагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин узак мөөнөттүү ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин жоболорун, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында кабыл алынган эл аралык келишимдерди жана документтерди сактоого милдеттенет.

Связанный пост