Шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча жыйын өттү

 Шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча жыйын өттү

Ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген шайлоо процессинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча ведомстволор аралык жыйын өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жыйын Башкы прокуратуранын демилгеси башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатовдун жетекчилиги алдында өткөрүлдү.

Жыйынга Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова, ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, Улуттук
коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын башчысы, Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алтынбек Кубатбеков жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар шайлоону даярдоо жана өткөрүү багытында тиешелүү
мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат
беришти.

Жыйында шайлоо процессинин бардык баскычтарында мыйзамдуулукту камсыз кылуу, ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтордун өз ара ишин натыйжалуу уюштуруу, шайлоо мыйзамдарынын жана тиешелүү ченемдик укуктук актылардын талаптарын катуу сактоо маселелери талкууланды.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Маатов шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мамлекеттик органдарга жүктөлгөн милдеттерди, ошондой эле КР Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууга багытталган иштерди жогорку деңгээлде алып баруу зарыл экендигин баса белгиледи.

Связанный пост