Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Тынчтыкты, ынак коңшулаштыкты, тилектештикти жана табият менен гармонияда жашоону чагылдырган Нооруз майрамы жаңы күндүн, жаңы башталыштын жарчысы. Бул жалпы адамзаттын бай маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү катары таанылган, бийик гуманисттик идеалдарды камтыган жаркын майрам элдердин ортосундагы достукту жана биримдикти бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ.
Бул сонун майрам Сиз жана Сиздин өлкөнүн эли үчүн бакыт, кубаныч жана жаңы ийгиликтер менен коштолсун!”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.