Самаркандда “Кыргызстан – Өзбекстан” туристтик форуму өттү

Самарканд шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын туризм тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө арналган туристтик форум өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Ташкенттеги элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Форумга Жогорку Кеңештин төраганын орун басары Нурланбек Азигалиев жетектеген КР делегациясы, элчи Дүйшөнкул Чотонов, Самаркандда иш алып барган Кыргызстандын туристтик тармагындагы өкүлдөрү, ошондой эле өзбекстандык туроператорлор жана ишкерлер катышты.

Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти Кылычбек Рысалиев эки өлкөнүн туристтик тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташтыгы тездик менен өнүгүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, туризм экономикалык гана эмес, маданий байланыштарды да бекемдөөгө өбөлгө түзүүдө.

Өзбекстандын Туризм комитетинин төрагасы Умид Шодиев Борбор Азияда бирдиктүү туристтик багытты түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, Кыргызстан менен ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Ад эми Кыргызстандын элчиси Дүйшөнкул Чотонов эки өлкөнүн ортосундагы туристтик кызматташтык маданий жана достук көпүрө болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстан жөн гана коңшу мамлекеттер эмес, жакын өнөктөштөр жана достор.

“Туризм эки элдин бири-бирин терең таанып-билүүсүнө, өз ара ишенимди бекемдөөгө жана кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачууга өбөлгө түзөт”, — деди ал.

Форумдун алкагында эки өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү, Самарканддагы Эл аралык туризм борборунун ишмердүүлүгү жана “Жибек жолу” эл аралык туризм жана маданий мурас университетинин иши боюнча маалыматтар берилди.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2024-жылы Өзбекстанга Кыргызстандан 2 миллионго жакын турист барган. Кыргызстан менен Өзбекстандын шаарларынын ортосунда күн сайын 11 аба каттамы аткарылат. Эки өлкөнүн жарандары чек арадан ID-карта менен эркин өтө алышат.

Связанный пост