Салыктык эмес кирешелер жана Укук бузуулар жөнүндө кодекстерге өзгөртүү киргизилди

 Салыктык эмес кирешелер жана Укук бузуулар жөнүндө кодекстерге өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандыгы үчүн жыйымды башкарууну өркүндөтүү максатында, 2025-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Тактап айтканда, мыйзамда төмөнкүлөр жөнүндө ченемдер каралган:

–  Төлөөчү жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны 6 жыл бою кармап тургандыгы үчүн жыйым боюнча салыктык эмес кирешенин төлөнгөндүгүн ырастоочу документтердин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү;

–  Салык кызматынын органдары төлөөчүлөргө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандыгы үчүн жыйым боюнча милдеттенмелерди аткарууга көмөк көрсөтөт, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандыгы үчүн жыйымдар боюнча бюджеттин ресурстарын администрациялоону жүзөгө ашырат.

Связанный пост