Салык органдары 31-августта иштешет
Кыргыз Республикасынын салык органдарынын кызматкерлери 2023-жылдын 31-августунда кадимки режимде иштешет.
Андыктан, салык төлөөчүлөр ушул күнү мүлк салыгынын суммасын эсептөө боюнча консультация ала алышат.
Белгилей кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак үйлөргө, батирлерге, ошондой эле үй жанындагы, короо жай жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктайт.
Салыктарды каалаган банктын кассасынан, почта бөлүмүнөн, төлөм жана POS-терминалдардан, мобилдик жана Интернет-банкинг аркылуу, ошондой эле төлөм карталарын жана башка перифериялык түзүлүштөрдү колдонуу менен төлөөгө болот.