Салык кызматында Афганистандан келген делегациясы менен жолугушуу өттү

 Салык кызматында Афганистандан келген делегациясы менен жолугушуу өттү

Мамлекеттик салык кызматында соода жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Ноуреддин Азизи жетектеген Афганистан Ислам Эмиратынын делегациясы менен жумушчу жолугушуу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйындын жүрүшүндө салык тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечеги, жол-жоболорду санариптештирүү жана заманбап башкаруу куралдарын киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бакыт Джиенбеков чет элдик конокторду жылуу кабыл алып, Салык кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу кыскача маалымат берди. Ао мекеме кызматташууга, өз ара тажырыйба алмашууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин белгиледи.

Салык кызматынын өкүлдөрү делегацияга Кыргызстандагы колдонулуп жаткан салык системасы,  учурдагы реформалар, ошондой эле салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган санариптик технологияларды киргизүү жана колдонуу процесси тууралуу кеңири маалымат беришти.

Өз кезегинде Ноуреддин Азизи чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн өнөктөштүк мамилелерин түзүү жана бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле ал, афган тарап салыктык башкаруу жана санариптештирүү багытында эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин баса белгилеп, бул экономикалык мамилелерди бекемдөөгө жана өз ара өнүгүүгө өбөлгө түзөрүн билдирди.

Связанный пост