Салык кызматы туум жана санкциялардын 50 % эсептен чыгарат, бирок шарттары бар

 Салык кызматы туум жана санкциялардын 50 % эсептен чыгарат, бирок шарттары бар

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 72-беренесине ылайык салык милдеттенмелерин аткарууда жеңилдетилген режимди пайдаланууга чакырат.

Бул беренеге ылайык, салык төлөөчү салыктык текшерүүнүн же такталган салык отчетун берүүнүн натыйжасында эсептелген туумдардын жана салык санкцияларынын 50 пайызын төлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Бул жеңилдетилген режимди пайдалануу үчүн бир эле учурда төмөнкү шарттар аткарылышы керек:

1) учурдагы салык карызы жок болуу,

2) салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим тапшырылган же такталган салык отчету берилген учурдан тартып 15 күндүн ичинде салык калдыгынын толук суммасын, туумдардын жана салык санкцияларынын 50 пайызынын башка бөлүгүн төлөө.

50% жеңилдик алуу үчүн салык органына салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө арызды төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер менен бирге жөнөтүү зарыл.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү салыктык текшерүүнүн же такталган отчетту берүүнүн натыйжасында эсептелген туумдун жана салык санкциясынын толук суммасын төлөп калбоо үчүн бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга жана зарыл болгон төлөмдөрдү жүргүзүүгө чакырат. Бул салык төлөөчүлөргө салык милдеттенмелерин аткаруунун кыйла ийкемдүү шарттарын камсыздайт жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоого өбөлгө түзөт.

Связанный пост