Саламаттык сактоо мекемелерине 117 компьютер жана жеке коргонуу каражаттар берилди

Саламаттык сактоо системасын чыңдоо үчүн Глобалдык альянстын (ГАВИ) грантынын алкагында 117 компьютер алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, электрондук саламаттык сактоо борбору эненин жеке идентификациялык номерин (ЖИН) колдонуу менен жаңы төрөлгөн ымыркайларды өз убагында каттоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтык системаны иштеп чыкты. Бул ар бир баланын саламаттык сактоо кызматтарына, анын ичинде эмдөө кызматтарына жана социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Ушуга байланыштуу саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо үчүн ГАВИнин грантын ишке ашыруунун алкагында 117 компьютер алынды.

Техникалар Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун, атап айтканда, төрөт үйлөрүндө төрөттү каттоону башкаруу чөйрөсүндөгү ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатары айтылды.

Мындан тышкары, Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүүнүн алкагында ЮНИСЕФ 9 миңден ашык жеке коргонуу каражаттарын берди. Аларды жугуштуу ооруларга чалдыккан бейтаптарды дарылаган медицина кызматкерлери колдонот.

Связанный пост