Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-февралда, Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Казань шаарында (Татарстан Республикасы) Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

 

Владимир Путин Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана шериктештик нугунда бардык тармактарда ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи.

 

Россиянын Президенти Садыр Жапаровго Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, россиялык тарапка «Келечек оюндары» турнирин ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады. Ал аталган мультиспорттук мелдештин өзгөчөлүгүн жана анын дүйнө жүзүндөгү спорттун ушул түрүнүн күйөрмандарынын жүрөгүн багындыруу дараметин баса белгиледи.

 

Садыр Жапаров Владимир Путиндин 2023-жылдын октябрь айында Кыргызстанга жасаган расмий сапарынан кийинки эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын жогорку динамикасын белгилеп, Россияга ар дайым көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын Президенти Россиянын өкмөттүк делегациясын Кыргызстанда 2024-жылдын күзүндө өтө турган Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган мамлекеттик деңгээлдеги салтанаттуу иш-чараларга катышууга чакырды.

 

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-россия мамилелерин тереңдетүүгө өз ара умтулууларын ырасташты.

Связанный пост