Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

 Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга токойдогу өрттөн адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Түркия Республикасынын Эскишехир провинциясындагы токойдо болгон өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана жалпы Түркия элине терең көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы токой өрттөрүн алдын алуу жана өрт менен күрөшүү ишинде жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирем”, – деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Связанный пост