Садыр Жапаров Сеулдагы Кыргызстан менен Кореянын Инвестициялык диалогуна катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Сеулда өткөн Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Инвестициялык диалогго катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Кореянын Соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигине, Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигине, ошондой эле бул маанилүү иш-чараны уюштурууга салым кошкон бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

Ал Кореяга болгон бул анын биринчи сапары экенин айтып, мындай жолугушуулардын эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын бекем механизмдерин түзүү үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёль менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу маалымдады, алардын жүрүшүндө тараптар Баарын камтыган өнөктөштүктү түзүп, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча пландарды белгилешти.

Садыр Жапаров Кыргызстанда мамлекеттик башкарууну модернизациялоого, жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө жана санариптештирүүгө багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири айтып берди.

Ал белгилегендей, экономикалык реформалар олуттуу натыйжаларды алып келди: акыркы үч жылда өлкөнүн ИДПсынын өсүшү жыл сайын орточо 9%, ал эми 2024-жылы 9,6% түздү. Мамлекеттик бюджет дээрлик үч эсеге көбөйүп, жан башына ИДПнын көрсөткүчтөрү эки эсеге өстү.

Президент ошондой эле Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, чакан жана орто гидроэлектростанцияларды ишке киргизүү, ошондой эле “Кытай – Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу сыяктуу ири инвестициялык долбоорлорго токтолду.

Ал кореялык компанияларды бул стратегиялык долбоорлорго катышууга чакырып, корей технологиясын киргизүү эки тараптуу кызматташуунун жаңы перспективаларын ачарын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү үчүн бир катар мыйзамдык чаралар, анын ичинде жеке ишкерлердин жана чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынганын айта кетти.

Президент инвесторлордун өлкө жетекчилигине түздөн-түз кирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин баса белгилеп, Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө принципиалдуу жаңы мамиле калыптанып жаткандыгына ишендирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө арналган видеоролик көрсөтүлүп, презентация жасалды. Андан соң ишкерлер кыргыз делегациясынын мүчөлөрүнө суроолорун беришти, андан кийин эки тараптуу документтерди алмашуу аземи болду.

Форумдун аягында президент Садыр Жапаров кореялык бизнес өкүлдөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырып, өлкөнүн эл аралык кызматташтыкка ачыктыгын жана инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү белгилеп өттү.

Связанный пост