Садыр Жапаров президенттин Иш башкармалыгынын кызматкерлерин 30 жылдык мааракеси менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада куттуктоо сөз сүйлөдү.

 

Мамлекет башчысы чогулгандардын бардыгын маанилүү окуя менен куттуктап, эгемен Кыргызстандын тарыхы тагдыр чечер оош-кыйыш окуялар, өнүгүү жолуна түшүүдөгү түмөн түйшүктүү иш-аракеттер менен коштолуп келгенин белгиледи.

 

Садыр Жапаров өз сөзүндө белгилегендей, ушул 33 жылдык эгемендик доору өз каармандарын өстүрүп чыгып, өз заманына ылайык мекемелерин жаратты. Өнүгүүнүн классикалык жолундагыдай, Кыргызстанда дагы Президент, аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги сындуу мамлекеттик институттар түзүлүп, иштеп келатат.

 

Бул контекстте ал өнүгүүгө бет алган чыйыр жолдо аталган институттардын дээрлик баарынын ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме катары Президенттин Иш башкармалыгы саясаттан тыш иш алпарып жатканын айтты.

 

“Убакыт деген учкан куш сымал, бийлик бутактарынын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу менен алектенген Президенттин Иш башкармалыгынын түзүлгөнүнө быйыл туура 30 жылдын жүзү болуптур. Бир кылымдын үчтөн бирин, чейрек кылымдан ашуун мезгилди салтанаттуу белгилөөдө куттук сөз айтуу менин бактыма буюрган экен. Көп жылдык тажрыйбасы, кызматкерлердин дилгирлиги, команданын биримдүүлүгү менен бүгүнкү күндө да өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашыруу менен чоң ийгиликтерди багындырып келатат”, – деп Президент белгиледи.

 

Садыр Жапаров ар дайым өткөндөн сабак алып, алдыга кадам таштоонун маанилүүлүгүн айтып, тарыхыбыздын бир үзүмү катары Иш башкармалыктын 30 жылдык таржымалына токтоло кетти.

 

1994-жылдын 8-августунда өлкө Президентинин “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” Жарлыгы менен Иш башкармалык жөнүндө жобо бекитилген. Мына ушул күн Иш башкармалыктын түзүлгөн күнү катары белгилөө маселеси жогорку бийлик органынын атайын коллегиялык отурумунда каралып, бекитилген.

 

30 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы иш чөйрөсүн өнүктүрүү жана сапаттуу кеңейтүү боюнча бир топ иштерди жүргүзө алды.

 

Президент кандай гана жетишкендиктер болбосун, иштин көзүн билген кесипкөй адистердин ак кызматынын натыйжасы экенин айтты. Иш башкармалык мамлекеттик маанидеги маанилүү иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча жогорку уюштуруучулук деңгээлде иш алып барып келди. Анын ведомстволук уюмдары мамлекеттик административдик имараттарды, мамлекеттик резиденцияларды, клиникалык оорукананы, автотранспорттук ишкананы жана башка мекемелерди тейлөө менен бирге кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жана сапатын дайыма жогорулатуу боюнча иштер менен алектенди.

 

“Бүгүнкү күндө бийлик бутактары өз-өзүнчө иш алпарганы менен, бир мүдөөнү көздөп элибиздин бакубаттуулугун камсыз кылууга, коррупцияга каршы күрөшүүгө, ачык коомду курууга багытталган реформаларды жүргүзүү аракетинде экенин, жакшы билесиздер. Бул өз кезегинде биздин ишибизге кошумча талаптарды белгилеп, алдыбызга жаңы максаттарды жана жаңы милдеттерди коюп келет. Мындан улам, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен Кыргыз Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңештин Аппаратынын ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык жана медициналык жактан камсыз кылуу максатында өз-өзүнчө иш алпарып келген эки Иш башкармалыкты бириктирүү менен көп тармактуу чоң уюмга айландыруу чечимин кабыл алганбыз. Жоопкерчиликти мойнубузга алган соң, айрым түзүмдөрдү Иш башкармалыктын карамагына алуунун өзү дагы логикага туура келди. Тагыраак айтканда, ортодогу ортомчуларды четтетип, түз иштешүү маселеси колго алынды, натыйжасын жалпы элибиз көрүп атат”, – деп, Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Президенттин Иш башкармалыгы материалдык-техникалык базасы бар, кесипкөй адистерге ээ, белгиленген компетенциясынын алкагында жүктөлгөн милдеттерди жогорку жоопкерчилик менен аткаруу мүмкүнчүлүгү бар уюмга айланганын кошумчалады.

 

Мамлекет башчысы Иш башкармалык учурда коммуникацияларды, ирригацияларды жана жаңы имараттарды оңдоо жана куруу, кызмат көрсөтүүнүн жана тейлөөнүн жаңы системаларын түзүү аркылуу өлкө тургундарынын жашоо-турмуш деңгээлин көтөрүүгө багытталган милдеттердин кеңири спектрин көрсөтүп келатканына токтоло кетти.

 

Ал мындан эки жыл мурун белгилүү окуялардан кийин Баткен облусу калыбына келтирилгенин эске салды. Ага байланыштуу көптөгөн аскердик бөлүктөр капиталдык ремонттон өткөрүлдү. “Каракол” аэропорту, “Жылуу-Булак” ден соолукту чыңдоо комплекси, “Алтын балалык” ден соолукту калыбына келтирүү борбору, Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакча, “Жыргалаң” санаторийи, Кыргызстан-Азербайжан достук сейил багы жана башка социалдык объектилер оңдолуп-түзөлдү.

 

Президент жакын арада Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жаңы имаратынын ачылышы болоорун да жалпыга жарыялады. Ошону менен бирге, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин имараты көрүүчүлөргө эшигин ачаар күн дагы алыс эмес.

 

Садыр Жапаров мындан сырткары, учурда Иш башкармалыгы тарабынан өлкө боюнча 12 659 батирдин курулушу жүрүп жатканын белгиледи. “Менин үйүм – 2021-2026” турак жай программасынын алкагында республика аймагында дагы 16 351 батирдин курулушу башталды. Жалпысынан аталган программа боюнча 29 миңден ашуун батирдин курулушу пландалууда.

 

Ал Иш башкармалык Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин ишмердигин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык жана медициналык жактан тейлөөдөн сырткары, өлкөбүздүн өнүгүү жолуна түшүүсүнө кошуп жаткан салымын 30 жылдык салтанатта баса белгилей кетти.

 

Ал эми Министрлер Кабинети тарабынан өлкөбүздүн өнүгүүсүн шарттай турган ири долбоорлор болсо өз нугу менен кетип баратат.

 

Чогулгандарга кайрылып жатып, Президент Садыр Жапаров учурда баары бир багытта – жаңы Кыргызстанды куруу жолунда бара жатканын өзгөчө белгиледи. Ушул тарыхый учурда өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу шыбагасы Президенттин Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин маңдайына жазылганын айтып өттү.

Связанный пост