Садыр Жапаров: Мамлекет жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга бар күч-аракетин жумшайт
“Мамлекет жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга бар күч-аракетин жумшайт”, – деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу “Асман резиденс-1” турак жай комплексиндеги үйлөрдүн ачкычын тапшыруу аземинде. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Жалал-Абад шаарынын урматтуу тургундары!
Кымбаттуу мекендештер!
2022-жылы башталган ипотекалык турак жайларды куруу өнөктүгү өлкөбүздүн өнүгүүсүндөгү маанилүү кадамдардын бири болуп калды. Анын натыйжасында ордо калаада алгачкы 2 турак жай комплекси, мындан сырткары кечээ жакында апрель айында дагы бир топ үйлөр курулуп бүтүп, жарандарга жеңилдетилген ипотека шарттары менен берилди.
Ошентип бүгүнкү күндө мамлекет турак жай фондун кеңейтүү аркылуу өзүнүн жарандарынын алдында муктаждарды турак жай менен камсыз кылуу милдетин түздөн-түз ишке ашырууну жигердүү ишке ашырып жатат.
Өлкө аймактарында тегиз кадам таштаган бул иш-аракеттерибиз эми минтип аймактарда да өз жемишин бере баштады.
Мен алгач бул жерге чогулган эл-журтту, айрыкча, үйлөрүнүн ачкычын чыдамсыздык менен күтүп жаткан мекендештеримди чын дилимден куттуктап өтөйүн.
Ак өргөңөр кут болсун, коломтоңордун оту өчпөсүн!
Урматтуу калайык-калк!
Өзүңүздөргө белгилүү, биз түзгөн Мамлекеттик ипотекалык компания үйгө муктаж миңдеген үй-бүлөгө жеткиликтүү шарттарды сунуштап, социалдык багыттагы турак-жай саясатын ийгиликтүү жүргүзүп келет.
Бүгүнкү күндө турак-жай менен камсыз кылуу жаатындагы жүргүзүп жаткан саясатыбыздын аркасында республика боюнча жалпысынан 60 миңден ашуун батир курулууда. Кудай буюрса, бул үйлөрдүн курулушу аяктаганда миңдеген кыргызстандыктар үй-бүлөсү менен, “өз үйү – өлөң төшөгүндө” бактылуу жашоого мүмкүнчүлүк алышат.
Ипотекалык турак-жайлар калктын бардык катмарына, анын ичинде социалдык жактан аялуу жарандарга да жеткиликтүү. Социалдык жактан аялуу катмар үчүн, алардын турак-жай алуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүүгө жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган атайын программа каралганын дагы бир жолу эсиңиздерге салып, баса белгилеп айта кетейин. Мында турак-жайды жеңилдетилген шарттарда, баштапкы төлөмсүз, узак мөөнөткө сатып алууга мүмкүнчүлүк берилип жатат.
Учурда үйү жок жарандарыбызды, анын ичинде чет өлкөдө эмгектенген мигранттарды да турак-жай менен камсыз кылуу боюнча ири иштер жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, анын ичинде чет өлкөлөрдө эмгектенген мигранттарды турак-жай менен камсыз кылуу максатында “Үлүштүк курулуш ыкмасы” деп аталган механизм ийгиликтүү ишке ашырылууда. Ал жарандарга турак-жай алууну жеңилдетип, алардын келечекке болгон ишенимин арттырууда маанилүү роль ойнойт.
Бул механизмди ишке киргизүү турак-жай курулушун өнүктүрүүгө жана ипотекалык насыяларды жеткиликтүү кылууга чоң өбөлгө болду.
Өзгөчө, чет өлкөдө иштеп жаткан мигранттар үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк жаралып, аларды Кыргызстандын ипотекалык системасына кошууга жана алардын аманаттарын пайдаланууга шарт түзүүдө.
Бул иш-аракеттердин баары республикадан тышкары эмгектенген мекендештерибиздин жашоо шарттарын жакшыртып, өлкөбүздүн экономикасына да чоң салым кошуп жаткандыгын көрсөтүп турат.
Буга чейин үй тапшыруу учурларында айтып келдим эле, бул жерден дагы кайталап белгилеп кетейин.
Мамлекеттик ипотеканы алуу процесси толугу менен санариптештирилип, ачык-айкын жана жеткиликтүү системага айланды. Турак-жайга кезекке туруу, документтерди тапшыруу жана кароодон өткөрүү толугу менен электрондук түрдө жүргүзүлүп жатат. Бул система бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк берип, коррупциялык элементтерди жоюуну максат кылат.
Үй алууда мындай терс көрүнүштөр боюнча ичиңиздерде күдүк ой калбасын, буюрса, баары акыйкат болот.
Мамлекеттик ипотекалык компания алдыдагы 5 жыл ичинде муктаж болгон жарандарыбызды турак-жай менен толук камсыз кылууну максат кылып жатат. Бул чоң пландар жарандардын үй-жай маселелерин чечүүгө багытталган иштин бир бөлүгү гана. Алдыда дагы көптөгөн турак-жай долбоорлору ишке ашырылып жатат.
Мисалы Ошто, Баткенде, Талас, Нарында – бардык жактарда үйлөр курулуп жатат.
Мамлекет жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга бар күч-аракетин жумшайт. Турак-жай курулушу боюнча стратегиялык пландар узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ, заманбап жана ыңгайлуу турак жай объекттери келечекте да курула берет.
Райондордун борборлорунда, кичи шаарларда, жети облусттун борборлорунда бүткөндөн кийин биз Кыргызстандын айылдарына чейин жакшынакай үйлөрдү салып беребиз.
Урматтуу жалал-абаддык агайын-туугандар!
“Менин үйүм” программасынын алкагында Жалал-Абад облусунда, анын ичинде Жалал-абад шаарында, Таш-Көмүрдө, Сузак районунда 11 миңдей батирдин курулуш иштери жигердүү жүрүп жатат. Бул – Жалал-Абад облусунун тургундары үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Жакынкы мезгилде миңдеген үй-бүлө ушул жаңы курулуп жаткан үйлөрдөн батир алып, өз үйүнө ээ болот.
Мынакей “Асман Резиденс -1” турак жай комплексинен үйлүү болуп жаткан жердештериңиздердей болуп, сабырдуулук менен кезек күтүп тургандар – сиздер дагы кубанычка бөлөнөсүздөр.
Четинен бүткөн үйлөрдү четинен тапшыра беребиз.
Алдыда Сузак айылындагы 240 батирлүү “Асман Резиденс-5” жана башка турак-жай комплекстери, жалпысы 879 батир берилет. Албетте, алар дагы заманбап шарттар менен жабдылып, жарандарга бардык керектүү инфратүзүмдөр: мектептер, бала бакчалар, оорукана, спорт аянтчалары жана башка маанилүү объекттер жеткиликтүү болот.
Бүгүн ак өргөөлөрүнүн астанасын аттоого камданып жаткан туугандар, үйлүү болушуңуздар менен дагы бир жолу куттуктаймын!
Жаңы конушуңар кут болсун!
Ушул жерден агарып-көгөрүңүздөр!
Жакшылыктар ар дайым мол болсун!”.