Садыр Жапаров: Кызыл китеби барлардын жерине тийбегиле

 Садыр Жапаров: Кызыл китеби барлардын жерине тийбегиле

Жери мамлекеттин муктаждыгы үчүн алынган жарандарга ордуна бирдей деңгээлдеги жер берилиши керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары менен жолугушкан учурда билдирди.

Мамлекет башчысы жер маселесине байланыштуу кайрылууга жооп берип жатып, жер тилкелерин кайрадан текшерип чыгууну тапшырды.

“Кызыл китеби бар жарандардын жерине тийбегиле. Ош жана Бишкек шаарларында да ушундай маселелер болуп жатат. Эгер жер мамлекетке керек болуп жатса, ордуна бирдей деңгээлдеги жер бергиле”, — мамлекет башчысы.

Связанный пост