Садыр Жапаров Кыргызстандын Мажарстандагы Элчилигинин жаңы имаратында болду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Мажарстан Республикасына иш сапарынын алкагында Будапешт шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жаңы имаратында болду.
Президенттин тапшырмасына ылайык, 2024-жылдын январь айында дипломатиялык өкүлчүлүк мамлекеттик менчикке сатып алынган жаңы имаратка көчкөн.
Мамлекет башчысы иш бөлмөлөрүн, административдик жайларды көрүп чыгып, дипломатиялык миссиянын кызматкерлеринин иштөө шарттары менен таанышты.
Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров мамлекет мындан ары да чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого биринчи кезекте көңүл бура турганын баса белгиледи.
«Биз дүйнө жүзү боюнча мүлктөрдү сатып алууну улантып жатабыз. Акыркы 30 жылда биз Нью-Йорк, Вашингтон сыяктуу ири шаарларда мүлктөрдү ижарага алганбыз. Эгерде биз имараттарды 10 жыл мурда сатып алсак, эмдигиче өз баасын актамак. Ошону менен бирге мүлк Кыргызстандын менчигинде түбөлүккө калмак», – деди Президент Садыр Жапаров жана дипломаттарды ошондой эле мамлекеттин балансында туруучу кызматтык батирлер менен камсыз кылуу керектигин кошумчалады.
Жалпы аянты 480 чарчы метр болгон Элчиликтин имараты Будапешттин престиждүү жана көрктүү бөлүгүндө жайгашкан.
Маалымдама:
Кыргызстан дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн төмөнкү мамлекеттердеги имараттарын сатып алды:
2023-жылдын аягында Париж ш. (Франция), 2024-жылы Будапештте (Мажарстан), ушул жылдын апрель айында Сеул ш. (Корея).