Садыр Жапаров: Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелер жаңы жалпы камтуучу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлүүдө

“Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы мамилелер жаңы жалпы камтуучу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлүүдө”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен болгон кеңейтилген форматтагы жолугушууда баса белгиледи.

 

Сүйлөшүүлөр эки өлкө лидерлеринин төрагалыгы алдында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин алтынчы отурумунун алкагында өттү.

 

Президент Режеп Тайып Эрдоган баштаган түрк делегациясын кыргыз жергесинде тосуп алууда Президент Садыр Жапаров буларды айтты:

 

“Урматтуу Президент мырза, кымбаттуу бир тууганым,

Урматтуу жыйындын катышуучулары,

 

Жаңы эле менин кымбаттуу бир тууганым, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган мырза менен тар форматта жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк.

 

Сүйлөшүүлөрдө саясат, экономика, инвестиция, билим берүү жана башка тармактардагы бир катар маселелерди талкуулаганга жетиштик.

 

Урматтуу Президент мырза, кымбаттуу бир тууганым, кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Сизди коштоп келген делегация мүчөлөрүн Кыргызстанга чын дилимден кош келдиңиздер демекчимин.

 

Сиздин кыргыз жерине мамлекеттик сапарыңыз менен келишиңизди бүткүл кыргыз эли чыдамсыздык менен күтүп келди. Түркия Кыргызстан үчүн боордош өлкө, стратегиялык өнөктөш. Биздин эки өлкөнүн, эки элдин келечеги дагы бир деп терең ишенем.

 

Эки өлкөнүн ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин кезектеги бүгүнкү жыйынында Сиз менен эки тараптуу кызматташуубуздун абалы жана келечеги тууралуу кеңири пикир алмашабыз деп ишеним артам.

 

Сиз жаңы курулган «Ынтымак Ордобузда» алгачкы чет элдик мамлекеттин башчысы катары ардактуу конок болдуңуз жана Сиздин ак батаңызды алуу биз үчүн абдан маанилүү жана символикалуу.

 

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ишенимдүү жана ачык стратегиялык диалог күн тартипте турган ар түрдүү маселелерди чечүүдө жардам берип келүүдө.

 

Салтка айланган чыныгы боордоштук мамилелер жана артыкчылыктуу стратегиялык өнөктөштүк жигердүү өнүгүп жаткандыгына абдан кубанычтамын.

 

Кымбаттуу бир тууганым, Сиздин акыркы сапарыңыздан бери 6 жыл өтүп, бүгүнкү сапарыңызды чыдамсыздык менен күткөнүбүздү жашырбайм. Бул сапар эки тараптуу боордош кыргыз-түрк мамилелеринде олуттуу мааниге ээ. Быйыл Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 33 жыл толду.

 

Тарыхый ченем менен алганда мындай кыска мөөнөттүн ичинде өлкөлөрүбүз эки тараптуу байланыштарды тереңдетүү жана кеңейтүү жаатында чоң ийгиликтерге жетишишти.

 

Бүгүн өтүп жаткан мамлекеттик сапарыңызды эске алуу менен, быйылкы жыл – Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтык жылы болот десем жаңылбайм. Мындай жетишкендиктерде Сиздин жеке салымыңыз чоң деп ойлойм.

 

Урматтуу Президент мырза, жетишилген макулдашууларыбызды жакын арада жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп кетет элем.

 

Бүгүнкү өзгөрүлүп жаткан дүйнөлүк системанын алкагында Түркия Кыргызстан үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналат. Учурда өлкөлөрүбүздүн ортосунда Жалпы камтуучу стратегиялык кызматташтык мамилелерин орнотууга мезгил бышып жетти деп ойлойм.

 

Бул кадам мамлекеттерибиздин түпкү таламдарына жооп берет жана эки тараптуу форматта да, эл аралык аренада да өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн мазмунун жана мүнөзүн аныктайт деп ишенем.

 

Ошол эле учурда, Сиз мени менен макул болосуз деп ойлойм – биздин өлкөлөр ортосундагы «Жалпы камтуучу өнөктөштүгүбүз» Биргелешкен билдирүү түрүндө кагазда гана калбай, боордош элдерибизди бириктирүүгө багытталган практикалык иш-аракеттер менен коштолушу керек.

 

Быйыл биздин өлкөбүз да Советтер Союзунун курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатат, бул кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кийинки толук кайра жаралышынын маанилүү этабы болуп калды.

 

Түркия Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн алгачкылардан болуп таанып, мамлекетибиздин эгемендик жолундагы биринчи кадамдарда саясий колдоо көрсөткөнүн баса белгилейм.

 

Мамлекеттерибиздин ортосундагы көп жылдык боордоштук мамилелеринин урматына бардык жасалгалары менен улуттук кыргыз боз үйлөрү түрк тарабына өткөрүлүп берилди.

 

Боз үй кыргыз көчмөн эли үчүн ыйык мааниге ээ, анткени ал адам туулуп-өскөн, жана жакындары менен жашоосун өткөргөн үй.

 

Берилген боз үйлөр түрк тилдүү элдердин биримдигин көрсөтүп, өлкөлөрүбүздүн стратегиялык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуусунун символу болуп калат деп ишенем.

 

Бүгүнкү Стратегиялык Кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин кезектеги 6-жыйынынын өткөрүү үчүн негиз болуп бир катар маанилүү иш-чаралар болуп өттү.

 

Алардын ичинен эң маанилүүсү – Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун ушул жылдын 9-10-февралында Түркияга болгон расмий сапары жана анын алкагында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 11-отуруму болуп эсептелет.

 

Комиссиянын иши экономика, инвестиция, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, туризм, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү жана башка багыттар боюнча кызматташууну камтыйт.

 

Буга чейин биз Сиз менен өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын макулдашканбыз. Бул максатка жетүү үчүн өлкөлөрдүн ортосундагы соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн маанилүүлүгүнө, өзгөчө Кыргызстанга жеңилдиктерди берүү боюнча маселеге көңүлүңүздөрдү бурам.

 

Атап айтканда, биз Түркиянын жалпы преференциялар системасын изилдеп чыгып, анда Кыргызстандын негизги экспорттук кээ бир товарлары боюнча кандайдыр бир жеңилдиктер жоктугун аныктадык.

 

Ушуга байланыштуу, Кыргызстандан экспорттоого багытталган товарларга жеңилдетилген бажы тарифтерин киргизүүнү суранам.

 

Урматтуу Президент мырза,

 

Кыргызстан бүгүнкү күндө Борбордук Азия чөлкөмүндө суу-энергетикалык ресурстарга бай өлкө. Кыргызстандын жалпы гидроэнергетикалык потенциалы 142,5 млрд кВт саатты түзсө, өлкөнүн суу-энергетикалык ресурстарын өздөштүрүү жалпы дарамети 13%ын гана түзүп келүүдө.

 

Түрк компанияларынын чакан жана орто ГЭСтерди куруу долбоорлоруна катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылгым келет. Бул биздин бүтүндөй аймак үчүн материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди да алып келет.

 

Соңку мезгилде транспорттук-логистикалык түйүндөрүн, коммуникациялар системасынын дараметин колдонуу зарылчыгы абдан актуалдуу болуп калды.

 

Бул өңүттө, ушул жылдын 1-майынан тартып кыргыз-түрк жүк ташуучулары эки өлкөгө жүк ташуу үчүн уруксат кагаздарынын жокко чыгарылышы замандын талабы болгонун баса белгилейм.

 

Учурдагы дүйнөдөгү кырдаалды эске алсак, жаңы транспорттук каттамдар, анын ичинде Кытай менен Европа өлкөлөрүн Борбор Азия жана Түркия аркылуу байланыштырган Улуу Жибек Жолу сыяктуу байыркы жолдордун негизинде түзүлгөн транспорттук каттамдарынын ролу жана мааниси барган сайын өсүүдө.

 

Ушундан улам, биз «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун курууга киришип жатабыз. Долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу 4 миллиардга жакын адамды бириктирип, Азиядан Европага, Түркияга, Жакынкы Чыгыш, Иран, ошондой эле араб өлкөлөргө жана Түндүк Африкага жүк ташуунун географиясын кеңейтет.

 

Бул өңүттө, аба каттамдарынын саны көбөйүп жатканы кубандырбай койбойт. Былтыр борбор шаарларын байланыштырган Анкара-Бишкек-Анкара аба каттамы ачылды.

 

Кыргызстандын жарандары үчүн сапаттуу медициналык жардам алуу шарттарын түзүү – дагы бир приоритеттүү багыт. Бул жаатта дүйнөдөгү эң мыкты деп эсептелген Түркия Республикасынын медицина системасы биз үчүн үлгү болуп саналат. Буга далил катары Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы ийгиликтүү курулуп, иштеп жатканы. Азыр аталган оорукана Сиздин ысымыңызды сыймык менен алып жүрөт. Оорукананын квалификациялуу медициналык персоналы жана заманбап жабдуулары болгондуктан органдарды алмаштыруу боюнча ийгиликтүү операциялар башталды.

 

Учурда трансплантация бөлүмүн жайгаштыруу үчүн оорукананын кошумча имаратын куруу иштери жүрүп жатат. Биз бул маселеде түрк тараптын жардамына жана көмөктөшүүсүнө үмүттөнөбүз.

 

Кыргызстандын ар бир обласунда, ар бир ири шаарында заманбап жогорку технологиялуу түрк ооруканасы болушун каалайбыз.

 

Муну менен бирге, Кыргызстанда «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, анын негизги милдети калкты сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу экендигин маалымдайм.

 

Түркия жогорку сапаттагы дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер экенин билебиз. Ушуга байланыштуу, Кыргызстанда түрк фармацевтикалык заводун курууну сунуштайт элем. Ал Кыргызстандын гана эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн жана Россиянын муктаждыгын жабат эле.

 

Урматтуу Президент мырза, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий-гуманитардык мамилелери ар тараптуу өнүгүп келүүдө.

 

Буга далил катары, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркия Республикасынын негизделгендигинин 100 жылдыгына жана улуу кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата былтыр Түркиянын Анкара жана Анталия шаарларында түрк тарабынын колдоосу менен жогорку деңгээлде өткөн Кыргызстандын Маданият күндөрүн сыймыктануу менен белгилейм.

 

Мындай иш чаралар эки элдин достук жана боордоштук мамилелерин бекемдеп, эки элдин руханий жакындыгын сактап келет.

 

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстандын аймагында дагы Түркия Республикасынын Маданият күндөрүн өткөрүүгө чакырат элем.

 

Урматтуу Президент мырза, Көптөгөн маселелер боюнча позицияларыбыз бирдей экендигин белгилеп, Сизге пикир алмашуу үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.

 

Көңүл бурганыңар үчүн рахмат”.

Связанный пост