Садыр Жапаров Индиянын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген Индиянын тышкы иштер министри Субраманиям Жайшанкарды кабыл алды.

 

Натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана кыргыз-индия мамилелерин өнүктүрүүнүн келечек пландары туурасында пикир алмашуу болду.

 

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы мамилелер эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда өз ара ишеним жана достукта өнүгүп жатканын белгиледи. Кыргыз Республикасы өз тарабынан өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө даяр.

 

Ошону менен бирге Президент соода-экономикалык кызматташтык – ар кандай эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы экенине көңүлдү буруп, акыркы жылдарда эки тараптуу сооданын өсүшүн канааттануу менен белгилей кетти.

 

Өз кезегинде Индиянын тышкы саясат мекемесинин башчысы Субраманиям Жайшанкар Индия эки элдин жыргалчылыгы үчүн жалпы кызыкчылыктарга негизделген Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана мамилелерди тереңдетүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

 

Министр Субраманиям Жайшанкар Садыр Жапаровго Премьер-министр Нарендра Модинин жылуу саламын айтып, Кыргызстанда алдыда боло турган ири саммиттердин ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Связанный пост