Садыр Жапаров Гвинея-Бисаунун Президенти Умару Сисоку Эмбало менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын юбилейлик 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Гвинея-Бисаунун Президенти Умару Сисоку Эмбало менен жолугушту.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Гвинея-Бисаунун ортосундагы мамилелер өнүгүүнүн баштапкы баскычында экенин белгиледи. Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2025-жылдын февраль айында түзүлгөн.

Садыр Жапаров Африка мамлекеттери, анын ичинде Гвинея-Бисау менен өз ара кызыкчылыктарга жооп берген ар кандай тармактарда эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Өз кезегинде Гвинея-Бисаунун Президенти Умару Сисоку Эмбало дипломатиялык мамилелерди түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан менен өнөктөштүктү чыңдоого даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Умару Сисоку Эмбало мамлекеттер арасында туруктуу өз ара аракеттенүү механизмин түзүүнү сунуштады.

Соңунда лидерлер диалогду өнүктүрүү ниеттерин ырастап, өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү багыттарын аныктоого шартташышты.

Связанный пост