Садыр Жапаров Будапештте ТМУ саммитине катышуу үчүн “Варкерт-Базар” имаратына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында Будапешт шаарында өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышуу үчүн “Варкерт-Базар” имаратына келди.

Мамлекет башчысын Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан тосуп алды.

Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземинен кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.

Связанный пост