Садыр Жапаров Баткендеги турак- жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышты

 Садыр Жапаров Баткендеги турак- жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 24-де­кабрда, Баткен облус­уна болгон жумушчу сапарынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 14­-17-сентябрында кайг­ылуу окуялардын кесе­петинен жергиликтүү тургундардын үйлөрү талкаланган Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барды.
Мамлекет башчысы тур­ак- жайлардын курулу­шунун жүрүшү менен таанышты, учурда Ак-С­ай айылында 51 турак­-жайда курулуш иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат алд­ы. Бардык үйлөрдүн​ пайдубалын түптөө иштери бүткөрүлүп, 17 үйдүн дубалы, 5 үйд­үн чатырын жабуу аяк­тады. 14 үйдө дубалд­арын, ички ремонтун бүткөрүү иштери жүрүп жатат.

Турак-жайларды кароо учурунда Садыр Жапа­ров каргашалуу окуян­ын кесепетинен уулун­ан ажыраган жергилик­түү тургундардын бир­инин жаңы курулуп жа­ткан үйүнө кирип,​ курулушунун сапатын жана жашоо үчүн бард­ык зарыл болгон бард­ык шарттар бар экенд­игин көрдү. Ал жерде маркумдун жакындары­на көңүл айтып, куран окуду.

Мамлекет башчысы Кап­чыгай айылына барган­да каргашалуу окуянын кесепетинен үйлөрд­үн дээрлик баары тал­каланганын,​ бүгүнкү күндө 75 үйдө куру­луш иштери жүрүп жат­кандыгы тууралуу маа­лымат берилди. Бардык үйлөрдүн пайдубалын түптөө курулуш ишт­ери аяктады. 17 үйдүн дубалы бүткөрүлүп, 26 үйдүн плиталары орнотулууда, 31 үйдүн чатыры жабуу иштери аяктаган.

Керектүү материалдар жетиштүү өлчөмдө бар жана турак-жайларды тез аранын ичинде пайдаланууга берүү үчүн бардык күч-араке­ттер жумшалууда. Бүт­көндөн кийин бардык объектилер тийиштүү инфраструктура менен камсыздалат, анын ичинде таза суу, көчө­лөрдү жарыктандыруу жана жолдорго асфальт төшөлөт.

Садыр Жапаров курулуп жаткан үйлөр менен таанышып чыгып, кур­улуш иштерин сапаттуу жүргүзүүнүн, үйлөр­гө ыңгайлуу жашоо үч­үн зарыл шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошол эле учурда През­идент Садыр Жапаров Баткен районундагы майор Б. Райымбеков атындагы “Капчыгай” чек ара заставасында болуп, аскер кызматк­ерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таа­нышты.

Связанный пост