Садыр Жапаров Астанада санариптик жетишкендиктердин көргөзмөсүнө барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары менен бирге Астана шаарында (Казакстан) уюштурулган санариптик жетишкендиктердин өлкөлүк көргөзмөсүнө барды.

Иш-чара Евразия экономикалык форумунун алкагында Alem.ai Эл аралык жасалма интеллект борборунда өтүүдө.

Экспозицияда негизги басым санариптештирүүгө жана жасалма интеллект технологияларын киргизүүгө жасалган. Бул жерде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жасалма интеллектти өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана санарип экономикасын өнүктүрүүгө багытталган заман талабындагы технологиялык жаңылыктар көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын көргөзмө тактасында өлкөнүн фискалдык тутумун жакшыртуу үчүн учурда колдонулуп жаткан санариптик каражаттар, анын ичинде салык жана бажы башкаруу процесстерине жасалма интеллект технологияларын киргизүү боюнча чечимдер көрсөтүлдү.

Связанный пост