Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекет башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусунда сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-августта, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусунда сөз сүйлөдү.

 

Алтынчы Консультативдик жолугушууга Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстан Республикасынын Президенти Сердар Бердымухамедов катышты.

 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Консультативдик жолугушууларынын форматы жогорку суроо-талапка ээ экендигин жана регионалдык кооперацияны бекемдөөгө зарыл болгон кошумча импульс бере тургандыгын кубануу менен белгиледи.

 

«Өткөн беш жолугушуу региондогу өлкөлөрдүн лидерлеринин соода, экономика, инвестиция, транспорт, логистика, регионалдык коопсуздук, экология, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана маданий-гуманитардык жааттарды камтыган кеңири спектрдеги байланыштарды мындан ары чыңдоого бекем умтулуусун көрсөттү», – деп Мамлекет башчысы баса белгиледи жана өлкөлөрдүн жакындашуу процесстери туруктуу жана ырааттуу мүнөзгө ээ болгонун кошумчалады.

 

Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасы туруктуу темп менен өнүгүп жатканын белгиледи. Чет өлкөлүк инвесторлордун катышуусу менен ири инфраструктуралык жана эл аралык долбоорлорду, анын ичинде гидроэлектростанцияларды, автомобиль жолдорун курууну, аэропортторду модернизациялоону жана башкаларды ишке ашыруу башталды.

 

«Фискалдык реформалардын натыйжасында кирешелерди башкаруу системасын жакшыртуунун эсебинен акыркы үч жылда өлкөнүн бюджети 3,9 эсе бажы төлөмдөрү жана 2,3 эсе салыктар менен толукталды. Кыргызстанда көптөгөн ири долбоорлорду ишке ашырууга биздин региондогу өлкөлөр да катышып жаткандыгы кубандырат», – деди Президент.

 

Мамлекет башчысы баса көрсөткөндөй, өлкөнүн экономикалык саясаты биринчи кезекте үч негизги багытка таянат: энергетика, тоо-кен жана транспорттук-транзиттик тармактар.

 

Транспорттук инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү багытында Мамлекет башчысы эл аралык маанидеги автомагистралдарды жакшыртууну, өлкө боюнча заманбап аэропортторду курууну, Кыргызстандагы эң ири стратегиялык “Түндүк-Түштүк” автожолун салууну, ошондой эле “Кытай–Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушун белгиледи.

 

Буга байланыштуу Садыр Жапаров аймактын өлкөлөрү аркылуу жаңы мультимодалдык каттамдарды жана транспорттук коридорлорду түзүүнүн варианттарын карап чыгууну сунуштады.

 

Президент өз сөзүндө Кыргызстанда суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана энергонатыйжалуулукту жана энергосарамжалдуулукту өнүктүрүү боюнча жигердүү иш жүргүзүлүп жатканын айтты. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрликтеринин ортосунда Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору боюнча ведомстволор аралык кызматташуу келишимине кол коюлган.

 

«Тараптар өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун макулдашуунун үстүндө иштеп жатышат. Биз чакан дарыялардын потенциалын өздөштүрүүгө активдүү кириштик, бүткүл өлкө боюнча чакан жана орто гидроэлектрстанциялар курулууда. Биз бул жаатта кызматташууга чакырабыз жана бардык инвестициялык сунуштарга ачыкпыз», – деди Садыр Жапаров.

 

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстан суу ресурстарын натыйжалуу жана аяр пайдалануу максатында өткөн жылы Бишкекте энергонатыйжалуу жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча регионалдык борборду түзүүнү демилгелеген.

 

«Суу ресурстарынын чектелгендигин жана алардын бүткүл регион үчүн маанилүүлүгүн, ошондой эле Борбордук Азияда кызматташуунун иштиктүү механизминин жоктугун эске алып, биз региондо суу-энергетикалык кызматташтыктын өз ара пайдалуу экономикалык механизмин биргелешип иштеп чыгууну жана киргизүүнү жактайбыз. Бул механизм суунун энергетикалык, экономикалык, экологиялык жана социалдык баалуулугун, ошондой эле региондогу өлкөлөрдүн тиешелүү кызыкчылыктарын эске алууга мүмкүндүк берет», – деп ырастады Президент.

 

Садыр Жапаров Кыргызстандын демилгесине ылайык, өткөн жылы Дубайда өткөн БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын (“COP28”) жыйынтыктоочу документтеринин бирине тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча глобалдык диалогду өткөрүү пункту киргизилгенин эске салды, ал 2024-жылдын 5-июнунда Бонндо ийгиликтүү өттү.

 

«Учурда биз жогоруда айтылган тоолор боюнча диалогду ушул жылдын ноябрында Бакуда өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясында жыл сайын өтүүчү иш-чара катары бекемдөөнүн үстүндө иштеп жатабыз жана региондогу өлкөлөрдү бул демилгени колдоого чакырабыз», – деди Садыр Жапаров жана экологияны жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу аялуу мамлекеттер үчүн карыздын жүгүн азайтууга жардам берерин белгиледи.

 

Президент өз сөзүндө маданий кызматташуунун маанилүүлүгүнө басым жасап, бир катар биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Кыргызстан бул демилгени ишке киргизүү үчүн биз зарыл болгон аянтчаны берүүгө даяр.

 

Регионалдык жана глобалдык коопсуздукка байланыштуу маселелерде Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүү жана күч-аракеттерин бириктирүү зарылдыгын билдирди.

 

«Биз баарыбыз БУУнун Уставында белгиленген эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерин жана принциптерин так сактоо зарыл экендигине кубанычтабыз. Азыркы дүйнөдөгү бардык келишпестиктер сүйлөшүү столунда тынчтык жолу менен гана чечилиши керек. Кыргызстан үчүн Афганистандагы тынчтык жана туруктуулук регионалдык коопсуздук тутумундагы артыкчылыктуу негизги шарттардын бири болуп саналат», – деди Садыр Жапаров.

 

Ал Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер экендигин эске салып, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясында 2026-жылдын июнь айында Нью-Йоркто өтө турган шайлоодо колдоого чакырды.

 

Соңунда Мамлекет башчысы аймактын өлкөлөрүнүн өз ара түшүнүшүүгө жана биргелешкен аракеттерге умтулуусу бүткүл региондун туруктуу өнүгүүсү үчүн бекем негиз түзөрүн белгиледи.

 

«Биз жемиштүү өз ара аракеттенүү экономика жана соодадан маданият жана билим берүүгө чейинки кеңири чөйрөлөрдү камтыганын көрүп турабыз. Бул аракеттер аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого олуттуу салым кошот. Биргелешкен демилгелер жана долбоорлор инфраструктураны өнүктүрүүгө, калктын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Биздин башкы максатыбыз – Борбор Азияны туруктуу, экономикалык жактан өнүккөн, гүлдөгөн аймакка айландыруу», – деп жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Связанный пост