Садыр Жапаров Абдель Фаттах Ас-Сиси менен тет-а-тет форматында жолугушту

 Садыр Жапаров Абдель Фаттах Ас-Сиси менен тет-а-тет форматында жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда Египет Араб Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен тет-а-тет форматында жолугушту.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчылары бул сапар кыргыз-мисир мамилелерине жаңы дем берип, кызматташтыкты сапаттык жаңы деңгээлге чыгарарына ишеним билдиришти.

Соңунда тараптар белгиленген тармактарда биргелешкен долбоорлорду активдүү илгерилетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Андан соң лидерлер кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Связанный пост