Сүйүнбек Касмамбетов жаштарга арналган илимий-практикалык конференцияга катышты

 Сүйүнбек Касмамбетов жаштарга арналган илимий-практикалык конференцияга катышты

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “Ала – Тоо” Эл аралык университетинде “Заманбап коомдо улуттук баалуулуктарды жана маданиятты өнүктүрүүдө жаштардын ролу» аттуу II Республикалык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» аттуу жаңы доктринанын маанилүүлүгүн баса белгилеп, студенттерге ата-бабалардан калган мурастарды сактоонун зарылдыгы тууралуу айтып берди.

Секциялык жыйындардын жүрүшүндө «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин студенттери илимий баяндамаларды, социалдык роликтерди жана презентацияларды сунушташты. Иш-чарага Кыргызстандын 13 жогорку окуу жайынан студенттер катышышты. Жеңүүчүлөргө дипломдор ыйгарылды.

Конференциянын негизги максаты – улуттук руханий жана материалдык маданиятты, салттуу баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү, жаштардын адеп-ахлактык, маданий жана интеллектуалдык жактан өсүшүнө көмөк көрсөтүү, улуттук иденттүүлүктү бекемдөө, заманбап технологиялардын жаштарга тийгизген таасирин талкуулоо, санариптик технологияларды билим берүү тармагында практикалык колдонуу, жаштар уюмдарынын өнүгүшүнө көмөктөшүү жана тажрыйба алмашууга шарт түзүү болуп саналат.

Бул конференция экинчи ирет өткөрүлүп жатат жана Кыргызстандагы жаштар коомчулугун бириктирген маанилүү жыл сайын өтүүчү иш-чаралардын бирине айланып бара жатат.

Связанный пост