Россияга жүк ташыган айдоочулардын жүрүү мөөнөтү 180 күнгө чейин узартылды

 Россияга жүк ташыган айдоочулардын жүрүү мөөнөтү 180 күнгө чейин узартылды

Россия өкмөтүнүн токтомунун негизинде аталган өлкөгө кирген жана унаа ташыган КМШ жана грузиялык айдоочулардын өлкөдө болуу мөөнөтү 180 күнгө чейин узартылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмазбек Байбосов билдирди.

Анын айтымында, ошол эле маалда аталган жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын ruID мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук форматта тапшырууга милдеттүү.

“Бул тартип 30-июндан тарта күчүнө кирет. Алар дагы ruID тиркемеси аркылуу катталууга тийиш”,-деди орун басар.

Россияга кирүү үчүн арыз бергенде паспорттун көчүрмөсүн жана эл аралык жүк ташуу менен алектенген айдоочу экенин тастыктаган документтерди кошо тапшыруу керек. Керектүү документтердин толук тизмеси расмий сайтта жарыяланган.

Белгилей кетсек, Россия 30-июндан тарта ruLD тиркемеси аркылуу катталууну милдеттүү кылып жатат. Мындан ары аталган өлкөгө иштөө жана окуу максатында бара жаткан жарандар аталган тиркемедеги анкетаны толтурууга тийиш болот. Ал App Store, Play Market, RuStore жана AppGallery платформаларында жеткиликтүү.

Связанный пост