Россиядагы кыргыз жарандарынын саны 500 миңден ашты
14-майга карата Россия ИИМнин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, аталган өлкөдөгү кыргыз жарандарынын саны 502 миңди түздү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмазбек Байбосов билдирди.
“Ал эми бул көрсөткүч 1-январга карата 472 336 адам болгон. Бул жаздын келиши менен иштөө максатында кеткендердин санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Ошол эле учурда сандык көрсөткүч 2024-жылы – 656 304, 2023-жылы – 408 448, 2022-жылы – 587 089 жаран болгон. Миграциялык каттоодо – 268 460 (1-январга карата) адам турат. Студенттер – 9757 (2025-жылдын 30-июнуна карата), кармалгандар – 598 (2026-жылдын 1-январына карата), соттолгондор – 1126ны (2026-жылдын 1-январына карата) түзөт.
Ошондой эле кара тизмеде – 91 566 (2025-жылдын 10-сентябрына карата) адам бар. 2025-жылы 6 271 жаран депортацияланган. Текшерилүүчү адамдардын реестри – 2026-жылдын 12-майына карата 90 721 жаран киргизилген. Ал күнүнө төрт жолу, башкача айтканда, ар алты саат сайын жаңыланып турат. Бул өзүнчө бир “жандуу” механизм болгондуктан, реестрге кирген жарандардын саны күн сайын өзгөрүп турат. Россияда жүргөн кыргыз жарандары жаңы миграциялык эрежелер менен кылдат таанышып чыгуулары зарыл. Документтерди өз убагында жана ак ниеттүүлүк менен тариздебеген же жаңыртпаган учурда, бул реестрге кирип калуу коркунучу жаралат”,- деди орун басар.
Байбосов белгилегендей, соттолгондордун саны – 1126ны түзөт. Жыл өткөн сайын алардын саны азайууда.
“Себеби, биздин Башкы прокуратура, ИИМдин келишиминин негизинде Россия аларды биздин өлкөгө которуп жатат. Мисалы, 2022-жылы бир жылдын ичинде – 33, 2023-жылы – 74, 2024-жылы – 117, 2025-жылы – 232 жана 21-майга карата – 156 жаранды которууга мүмкүн болду”,-деди ал.
Белгилей кетсек, Россия тарап 30-июндан тарта ruLD тиркемеси аркылуу катталууну милдеттүү кылып жатат. Мындан ары аталган өлкөгө иштөө жана окуу максатында бара жаткан жарандар аталган тиркемедеги анкетаны толтурууга тийиш болот. Ал App Store, Play Market, RuStore жана AppGallery платформаларында жеткиликтүү.