Россия чет элдиктерге акысыз медициналык жардам көрсөтө баштайт

Россия чет элдиктерге бекер медициналык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин кол койгон жарлыкта айтылат.
Маалыматта айтылгандай, Россиянын өкмөтү медициналык жардам көрсөтүүнүн жаңы эрежелерин бекитти.
Жарлыкка ылайык, бейтаптын өмүрүнө коркунуч туудурган капыстан катуу ооруп, абалы, өнөкөт оорулары күчөгөн учурда чет элдиктерге бекер медициналык жардам көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, чет өлкөлүктөргө оорулар, кырсыктар, жаракаттар, уулануулар жана башка тез медициналык кийлигишүүнү талап кылган шарттарда шашылыш, анын ичинде адистештирилген жардам көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн кырдаалдарды кошпогондо, чет өлкөлүктөргө шашылыш жана пландуу медициналык жардам акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү, ыктыярдуу жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдерге ылайык көрсөтүлөт.
Эске салсак, Россия 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 10-сентябрына чейинки мезгилде Россия Федерациясынын аймагында болуунун режимин бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтүн узарткан.
Булак “Кабар” агенттиги