Республиканын 80,6% аянтында айдоо жана себүү иштери жүргүзүлдү

Учурда республиканын көпчүлүк аймактарында жазгы талаа жумуштары активдүү жүрүп жатат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата жалпы 562,1 миң гектар, башкача айтканда жалпы структуранын 80,6 пайыз аянтында айдоо жана себүү иштери жүргүзүлдү.
Анын ичинде буудай – 97,4 миң га себилип, жалпы пландын 94,7 % түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 миң гектарга көп себилди.
Арпа – 202,2 миң га себилип, структура боюнча жалпы пландын 83,8 % түздү. Былтыркы ушул мезгилге караганда 1,7 миң гектарга көбүрөөк себилди. Белгилей кетсек, 2025-жылы жаздык арпа 241,3 миң гектар аянтка себилери күтүлүүдө.
Жүгөрү – учурда 92,3 миң га аянтка себилип, жалпы пландын 85,5 % түздү.
Картошка – республика боюнча 44,0 миң га аянтка отургузулуп, былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 4,2 миң га көбүрөөк отургузулду. 2025-жылкы планга ылайык, республика боюнча жалпы 66,4 миң гектар жерге картошка отургузулары күтүлүүдө.
Жашылча өсүмдүктөрү – 39,4 миң гектар аянтта айдалып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 миң гектарга көбөйдү.
Бакча өсүмдүктөрү – 8,3 миң гектар аянтта айдалып, былтыркы жылга салыштырмалуу 1,23 миң гектарга көп.
Май өсүмдүктөрү – 12,1 миң гектар жерге себилип, пландын 71,1 % аткарылды.
Кант кызылчасы – Чүй жана Талас облустарында жалпы 12,54 миң гектар жерге айдалып, өткөн жылдын ушул мезигилине салыштырмалуу 1,1 миң га көп.