Республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 5,5% жогорулады

 Республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 5,5% жогорулады

2026-жылдын январь-июнь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер жалпысынан 5,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, алгачкы жарым жылдыкта калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери эң көп кымбаттаган.

Товарлардын жана кызматтардын өсүү пайызы:

  • калкка көрсөтүлүүчү кызматтар – 8,3 пайызга;
  • алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары – 7,2 пайызга;
  • тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар – 5,4 пайызга;
  • азык-түлүк эмес товарлар – 3,3 пайызга жогорулады.

Баалардын кымбатташы өлкөнүн бардык аймактарында байкалган. Бирок эң жогорку өсүш Ош облусунда (12,5 пайыз) катталды. Бул облуста калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери дароо 21,8 пайызга, алкоголь жана тамеки 17,3 пайызга, ал эми азык-түлүк эмес товарлар 9,8 пайызга кымбаттаган.

Ал эми күнүмдүк тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасынын эң жогорку өсүшү Ысык-Көл облусунда (8,9 пайыз) белгиленди.

Связанный пост