Республика боюнча 796 айылдын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыздалды

Бүгүнкү күндө республика боюнча 796 айылдын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыздалды. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматына караштуу ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Шамшиддин Халов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 15 жыл бою каралбай, ичүүчү таза суусу жок айылдарда учурда мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулууда. Ушул тапта таза суу жеткирүү иштери республиканын жети аймагында жүрүп жатат.
“Бул тармакты өнүктүрүү үчүн өкмөттүн атайын программасы кабыл алынып, тышкы донорлордун жардамында таза жеткирүү долбоорлору ишке ашырылып жатат. Айылдардан сырткары, өлкөнүн 25 шаарында дагы таза ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Ичүүчү таза суу менен камсыздоо иштеринин 3-фазасындагы иштер бүттү”,-деди ал.
Халов ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы тарабынан саркынды сууларды тазалоо системалары Ысык-Көлдүн үч шаарында курулуп жатканын кошумчалады.
“Учурда Балыкчы шаарында курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Чолпон-Ата шаарында курулуп жатат. Ал эми Каракол шаарында курууга старт берүү алдында турат”,-деди ал.