Республика боюнча 6 жашка толгон жалпы 171 миң 148 бала бар

 Республика боюнча 6 жашка толгон жалпы 171 миң 148 бала бар

Республика боюнча 6 жашка толгон жалпы 171 миң 148 бала бар. Бул тууралуу маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен учурда 6 жашка толгон бирок 1-класста окуп жаткандардын саны 49 миң 212 баланы түзөт.

“Ошондой эле 5 жарым жаштан мектепке кирген балдардын саны 100. Бүгүнкү күндө калган 122 миң 668 бала мектепке чейинки даярдоо программасынан өтүп жатат. Муну менен катар даярдоо программасынан мектептердин базасында 78 миң 332 бала билим алып жатат. Бул окуучулар эмеректери менен жабдылган класстар менен камсыздалган, мугалимдер дагы жетиштүү. Мындан сырткары мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарында 2 миң 300 бала билим алып жатат. Мектепке чейинки билим берүү уюмдардын даярдоо тайпасында 39 миң 350 бала. Ал эми жеке менчик бала бакчаларда 2 миң 610 бала мектепке даярдоо программасынан өтүп жатат”,-деди ал.

Ал белгилегендей, эч жака тартылбай калган балдардын саны учурда 831ди түзөт. Алардын ичинен 775и ар кандай себептер менен башка жактарга көчүп кеткендер. Ал эми калган 56сы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.

“Бул балдар үчүн август айында атайын кыска мөөнөттүү даярдоо курстары уюштурулат”,-деди ал.

Связанный пост