Рамазан айы учурунда ЖКККББнын кызматкерлери мечиттердин айланасында жол коопсуздугун камсыздап беришет

 Рамазан айы учурунда ЖКККББнын кызматкерлери мечиттердин айланасында жол коопсуздугун камсыздап беришет

Рамазан айы учурунда ЖКККББнын кызматкерлери мечиттердин айланасында жол коопсуздугун камсыздап беришет. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ыйык рамазан айынынын жума күндөрү жума жана таравих намазы учурларында жол жээктерине жакын жайгашкан мечиттердин айланасындагы жол тыгындарын жөнгө салышат.

Максаты – орозо учурунда жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздап, ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү.

Бул иш-чарага элдик кошуундар жана ыктыярчылар (волонтерлор) катышат.

Бул бир айлык иш-чара ЖКККББ тарабынан өлкө аймагындагы баардык жол тыгындары көп кездешкен мечиттердин айланасында улантылат.

ЖКККББ жарандардан жума намазга жана кечкисин таравих намазга барган учурда унаасын туура жерлерге токтотууну, башка жол кыймылынын катышуучуларына жана мечиттердин айланасында жашаган тургундарга да ыңгайсыз абалдарды жаратпоону өтүнөт.

Связанный пост