Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаевге сөгүш берилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джантаев Эльчибек Нуржадыевичке сөгүш берилди.