Президенттин кубогу 2023: Көк бөрү боюнча мелдештер башталды

 Президенттин кубогу 2023: Көк бөрү боюнча мелдештер башталды
Бүгүн, 28-август күнү Ош облусундагы Төлөйкөн ат майданында Кыргыз Республикасынын президентинин кубогунун алкагында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештин биринчи күнү жыйынтыкталды.
Оюн талаасында экинчи лиганын “Биримдик” жана “Кара-Суу” командалары беттешти. Жыйынтыгында “Кара-Суу” командасы 5:4 эсебинде жеңишке жетишти.
Эртең, 29-август күнү боло турган оюндун тизмеси:
10:00 “Ош шаары” – “Биримдик” (экинчи лига);
11:10 “Достук” – “Жаштык” (жогору лига);
12:20 “Ынтымак” – “Мурас” (жогорку лига).
Белгилей кетсек, аталган мелдешке жалпы 11 команда катышып жатат.
Жогорку лига: “Достук”, “Ынтымак”, “Жаштык”, “Мурас”.
Биринчи лига: “Өзгөн”, “Кара-Кулжа”.
Экинчи лига: А1 “Кара-Суу”, А2 “Биримдик”, А3 ” Ош шаары”.

Связанный пост