Президенттин Иш башкармалыгынын 9 айдагы кирешеси 10,3 млрд сомду түздү

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу ведомстволук уюмдар планды 111,3 пайыз деңгээлинде аткарып, иш жүзүндөгү кирешелер 10 млрд 357,2 млн сомду түздү. Бул тууралуу күн мурун башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы астында өткөн коллегиялык жыйында айтылды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, коллегиянын жүрүшүндө Иш башкармалыктын ведомстволук уюмдарынын 2025-жылдын 9 айына карата планы 9 млрд 304,5 млн сом деп белгиленип, иш жүзүндөгү кирешелер 10 млрд 357,2 млн сом болуп, 111,3 пайыз деңгээлде аткарылганы белгиленди. Ошентип, пландык көрсөткүч 1 млрд 052,7 млн сомго ашыкча аткарылган.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 млрд 539,9 млн сомго, же 78 пайызга көп.

Связанный пост