Президентке кат жазган нарындык окуучунун тилеги орундалды
Ак-Талаа районунун Коңорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу Жанарбек Жайлообаев апасына тиричилик буюмдарын белек кылууну кыялданаарын айтып Президентке кат жазган. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Өспүрүмдүн тилегин орундатып, өлкө башчысынын тапшырмасы менен Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Жанарбек Жайлообаевдин апасы Мусаева Кыялга тиричилик техникаларын алып берди.
Белектерди бүгүн, 24-ноябрда ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Нурбек Сатаров дарегине жеткирди.
Белгилей кетсек, бул үй-бүлө аз камсыз үй-бүлөлөрдүн катарына кирет. Жанарбектин атасы жана иниси бала кезинен майыптыгы бар.