Президент журналисттер үчүн жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысын уюштурду

 Президент журналисттер үчүн жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысын уюштурду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу «Мейкин» сый акысын уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

 

Медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, журналисттердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысы уюштурулсун.

 

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы менен макулдашуу боюнча үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча комиссиянын курамын бекитсин.

 

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысынуюштуруу боюнча байге фондун түзүү жана башка чыгымдарды жабуу үчүн финансылык каражаттарды карасын.

Связанный пост