Президент Жумгал районунун тургундары менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун активи жана тургундары менен жолугушту.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы жылдарда аймакта социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу оң динамикасы камсыздалганын белгиледи.
2021-жылы облус бюджетинин көлөмү 960 млн сомду түзсө, былтыркы жылдын жыйынтыгы менен ал 2 млрд 334 млн сомдон ашты. Башкача айтканда, 2,5 эсеге өстү.
“Жыл сайын өсүп бараткан мындай көрсөткүчтөргө бюджет түзүүчү тармактарды тартипке келтирип, көзөмөлдү күчөтүп, жоопкерчиликке басым жасалгандыктан, улам жетишип келебиз. Мына ошондуктан, республиканын консолидацияланган бюджети 2025-жылы 1 трлн 100 млрд сомдон ашып олтурат.
Нарын облусунун бюджети 2025-жылы 2,3 млрд сом болуп бекитилгени менен, жыл соңунда облуска 7 млрд 680 млн сом бөлүндү. Башкача айтканда, бекитилген бюджеттен 3 эсе көп каражат берилди.
Натыйжада, республика аймагында көзгө көрүнөрлүк иш-аракеттер менен кошо бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин, анын ичинде Нарын облусундагы мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана аскер кызматындагылардын маяналарын ырааттуу жогорулатууга жетиштик. Пенсионерлерибиз бүгүнкү күндө жашоо минимумунан жогору пенсия алышат”, – деди Президент.
Ал бүгүнкү күндө Жумгал районунун аймагында курулуш, жол, ирригация жана таза суу тармактарында 2 млрд 833 млн сомдук жумуштар жүрүп жатканын баса белгиледи.
“Курулуш тармагында эле учурда 4 курулуш объектиси салынууда жана 14 социалдык объекти боюнча долбоордук-сметалык иш кагаздары даярдалып, жакынкы мезгилде курулуш иштери башталары күтүлүүдө.
Соңку беш жылда мектеп, бала бакча, ФАП жана башка 15 социалдык объект пайдаланууга берилди.
Райондун аймагындагы эл аралык маанидеги Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 143 чакырымына асфальт басылса, акыркы 5 жылда курулуп жаткан бул жолдон үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен жана республикалык бюджеттен жалпы 35 чакырым ички жолго асфальт төшөлдү”, – деди Садыр Жапаров.
Ал учурда анын демилгеси менен мамлекеттик маанидеги Сары-Булуң –Миң-Куш автожолунун 22 чакырымына асфальт төшөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Район тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында АРИСтин Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын алкагында район аймагындагы 7 айылдын таза суу системасын реабилитациялоо жумуштары 595 млн 600 миң сомго жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары 3 айылга таза суу тартуу боюнча тендер жарыяланып, жеңүүчүсү аныкталып, келишим түзүлдү. 8 айылдын таза суу системасын куруу боюнча иш кагаздары даярдалууда.
“Энергетикалык потенциалы жогору болгон Жумгал районунда учурда 1200 мегаваттык “Кара-Кече” жылуулук электр станциясынын курулушун баштоо алдында турабыз. Буюрса, долбоор ишке ашканда, аймактын энергетикалык коопсуздугу бекемделгенден тышкары, өлкөнүн энергетика секторунун өнүгүшүнө өбөлгө болмокчу.
Райондун аймагында жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында Жумгал районунун өнүктүрүү фондуна 2021-жылдан тартып 247 млн сом түшүп, социалдык-экономикалык жана инфратүзүмдүк багыттагы 84 долбоор каржыланды”, – деп белгиледи Президент.
Административдик аймактык реформанын биринчи этабынан кийин айыл өкмөттөрдүн ишин жакшыртуу, техникалык базасын чыңдоо максатында Жумгал районунун жаңы түзүлгөн алты айыл өкмөтүнө 10 млн сомдон акча каражаты бөлүндү. Жалпы 60 млн сомго атайын техникалар сатылып берилди.
Президент ирригацияны өнүктүрүү маселелерине токтолуп, Жумгал районунда соңку беш жылда сугат тармагында жалпы суммасы 1 млрд 18 млн 599 миң сомго жакын иштер аткарылганын айтты.
Быйыл “Түгөл-Сай” суу сактагычын ишке берүү пландалган. Мунун натыйжасында 3208 гектар жерге сугат суусун берүү жакшыртылып, 1500 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.
“Бүгүнкү күндө мамлекеттик саясаттын эң негизги багыты да элдин саламаттыгына бурулууда, айрыкча оор климаттык шарттагы калкыбыздын саламаттыгына кам көрүү абдан зарыл болуп турат. Ошондуктан өмүр сакчыларынын айлык маяналарын апрель айынан тарта 100 пайызга көбөйттүк.
Ал эми райондун саламаттык сактоо тармагы боюнча акыркы 5 жылда 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мекемеси, 2 чарбалык имарат курулса, 4 мекеме капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Мындан сырткары, УЗИ аппараты, ЛОР-комбайн, рентген сыяктуу медициналык жабдуулар, 5 медициналык унаа алынган”, – деди Мамлекет башчысы.
Ал Жумгал району боюнча 2020-жылдан тартып 7 мектеп жана 2 бала бакча курулуп, ошондой эле 445 мугалим ноутбук менен камсыздалганын кошумчалады.
“Алдыда сиздердин райондун өнүктүрүү багытында дагы бир катар иштерди жасоону мерчемдеп жатабыз. Чаек айылынын борбордук көчөсүнүн 7- чакырымына толук курулуш иштери жүргүзүлүп, 4 тилкелүү асфальт басылат.
Ошондой эле райондо Калкты тейлөө борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды. Мындан сырткары, Президенттик фонддон 30 млн сом акча каражатына атайын техникаларды алып берип жатабыз”, – деп жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.
Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.