Президент “Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө” жарлыкка кол койду

 Президент “Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө” жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президент Садыр Жапаров “Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Ага ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларын социалдык коргоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. 2025-жылдын 1-январынан тартып республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жүргүзүлсүн:

 

№ Компенсацияга укуктуу жарандардын категориялары Айына акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү (сом менен)

1 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары 10000

2 Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары 10000

3 Концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундары 10000

4 “За оборону Ленинграда” медалы жана/же “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар 10000

5 Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринде жаракат алган майып-аскер кызматчылары 10000

6 СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда жарадар болуунун, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчылары 10000

7 Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары 8000

8 Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыр тарткан майыптар жана нурлануу оорусуна чалдыккан жана жабыркаган адамдар 10000

9 1986–1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар 3500

10 Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана/же медалдары менен сыйланган, майыптуулук тобу бар адамдар 2000

11 Саясий жана/же диний ынанымы үчүн социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында жапа чеккен реабилитацияланган жарандар 1500

12 1988–1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар 2000

13 Чернобыль АЭСиндеги авариянын натыйжасында курман болгондордун, нурлануу оорусунун кесепетинен каза болгондордун жана каза болгон майыптардын үй-бүлөлөрү 1500

14 Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдардын балдары (18 жашка чейинки) 1500

15 Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган майыптуулук тобу жок адамдар 1000

16 Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү 1500

17 Аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү 1500

18 Кызматтык милдеттерин жана кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде жарадар болуунун, жаракат алуунун, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү 1000

19 Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) 1500

20 Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) 1500

21 “Кыргыз Республикасынын ардактуу донору” төш белгиси менен сыйланган адамдар 1000

22 Көрүүсү жана угуусу боюнча майыптар 1000

23 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары 1000

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 “Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Связанный пост