Президент таштандыдан электр кубатын өндүрүүчү заводдун ачылышына катышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда, Бишкек шаарынын таштанды полигонундагы катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун расмий ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө шаардын таштанды полигону 1974-жылы ишке берилип, ошол бойдон тынымсыз иштеп келгенин эске салды. Ушул убакыт бою бул жайга 20 миллион тоннадай таштанды топтолгон.
Президент белгилегендей, көп жылдар бою өлкөнүн борбору катуу тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча курч көйгөйгө туш болуп келген: күн сайын 1,5 миң тоннага чейин таштанды чыгарылып, бул Бишкектин экологиясына терс таасирин тийгизип келген. Бул көйгөй, бир топ жылдан бери көтөрүлүп, бирок системалуу чечилбей келген.
Маселени чечүү үчүн алдыңкы эл аралык тажрыйба, анын ичинде Кытай Эл Республикасынын тажрыйбасы изилденди. Бишкек мэриясынын делегациясынын Чанша шаарына болгон иш сапарынын жана таштандыларды комплекстүү кайра иштетүү жана экологиялык долбоорлор боюнча адистешкен “Хунань Цзюнсин” жогорку технологиялык компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышуунун жыйынтыгында кызматташуу боюнча стратегиялык чечим кабыл алынды.
2024-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест” ЖЧК менен таштандыларды кайра иштетүү жаатында заманбап жана экологиялык жактан коопсуз чечимдерди киргизүүгө багытталган инвестициялык макулдашууга кол койгон.
“Бүгүн биз ачып жаткан эко-технологиялык завод Борбор Азияда аналогу жок, таштандыны утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү биринчи ишкана болмокчу.
Мындай заводдун курулушу менен борбор калаабыздын экологиялык абалы олуттуу түрдө жакшырат, жергиликтүү элди электр кубаты менен камсыздоо маселесине дагы салым кошот”, – деди Мамлекет башчысы.
Ал долбоорго багытталган инвестициянын жалпы суммасы 95 миллион АКШ долларын түзөрүн кошумчалады. Заводдун курулушуна 12 гектар жер берилген, бардык каражаттар инвестор тарабынан каржыланды.
Президент өз сөзүндө катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү заводдун курулушун баштоо боюнча мурда да аракеттер жасалганын эске салды. Атап айтканда, 2020-жылга чейин бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Европа өлкөлөрүнөн 22 миллион евро тартылган. Бирок бул сумманын 16 миллион евросу максаттуу пайдаланылбай, натыйжада заводдун курулушу башталган эмес.
Мамлекет башчысы 6 миллион евро банктык эсептерде калганын айтты. Бул каражат инвесторлорго кайтарылган. Ал эми калган 16 миллион еврону Бишкек мэриясы төлөп жатат. Ошентип, Президент бул участоктогу окуянын кыскача баянын айтып, каржылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышына катуу көзөмөл жүргүзүү зарылдыгына токтолду.
“Завод долбоордо көрсөтүлгөн 2 жылдык мөөнөттүн ордуна, 1,5 жылда курулуп бүттү. Бул долбоордун концессиялык мөөнөтү 35 жылды түзөт. Бул убакыт бүткөн соң завод толугу менен мамлекеттин карамагына өтөт.
Долбоор алкагында жылына 365 миң тонна таштанды иштетилип, саатына кубаттуулугу 30 МВт болгон таза конденсациялык турбогенератордук электр станциясы курулду.
Салыштырмалуу айта турган болсок, бул 80 миң тонна көмүрдү үнөмдөөгө жана 100 миң тонна көмүр кычкыл газын азайтууга барабар”, – деп баса белгиледи Президент.
Ал завод азыркы этапта суткасына 1000 тонналык таштанды иштетсе, кийинки этаптарда анын кубаттуулугу дагы артарын айтты.
Ошентип, бир четинен таштандыны иштеткен, экинчи четинен электр кубатын өндүргөн заводдо жаңы жумуш орундары да түзүлөт.
“Бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу менен дал ушундай таштандыны утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү завод Ош, Балыкчы жана Каракол шаарларында да курулмакчы. Бул багытта аталган компания менен инвенстициялык келишим түзүү боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат.
Ушул сыяктуу алгылыктуу иш-аракеттер улантыларын, жаңы ишканаларды ачууга жана токтоп турган ишканаларыбызды жандандырууга ар тараптан колдоо көрсөтүлүп, инвесторлор тартыларын, натыйжада Кыргызстаныбыз сөзсүз өнүгөрүн баса белгилейм”, – деди Мамлекет башчысы жана саясий эрк көрсөтүп, борбор калаанын көп жылдык көйгөйүн чечүүгө киришкендердин баарына, ошондой эле бул долбоорду ишке ашырууга салым кошкон инвесторлорго ыраазычылык билдирди.
Андан соң Президент Садыр Жапаров “Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест”жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Дай Даону Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү экотехнологиялык заводун куруу долбоорун ишке ашырууга кошкон зор салымы үчүн “Достук” ордени менен сыйлады.
Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүүнүн толук технологиялык цикли менен кеңири таанышты. Президентке калдыктарды кабыл алуу жана түшүрүү зоналары, заманбап жогорку температуралуу мештерди колдонуу менен термикалык кайра иштетүү (күйгүзүү) участкасы, ошондой эле электр энергиясын өндүрүү жана экологиялык параметрлерди сактоону камтыган бардык өндүрүш процесстерин көзөмөлдөө жүргүзүлүүчү заводдун борбордук башкаруу пункту көрсөтүлдү.
Завод алдыңкы технологиялар менен жабдылганы жана учурдагы экологиялык талаптарга жана эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берери белгиленди.
Мындан тышкары, Мамлекет башчысына пайда болгон шлактарды жана күлдү курулуш материалдарына кайра иштетүү линиясы көрсөтүлдү.
Иш-чаранын аягында Президент санитардык полигондун айланасында жайгашкан турак жай массивдеринин тургундары менен баарлашты. Алар көп жылдар бою тынымсыз түтүн, антисанитария жана айланага чачылган таштандылардан улам олуттуу кыйынчылыктарды башынан өткөрүшкөнүн айтышты. Айрыкча балдардын жана улгайган адамдардын ден соолугу жабыркаган. Тургундар жаңы заводдун ишке кириши экологиялык абалды кыйла жакшыртаарын жана алдыдагы Жаңы жылга чоң жана көптөн күткөн белек болоорун белгилеп, чын жүрөктөн кубанышты.