Президент: Социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө, анын ичинде элибизди жеткиликтүү жана сапаттуу үйлөр менен камсыз кылууга биринчи кезекте маани берип келебиз

«Социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө, анын ичинде элибизди жеткиликтүү жана сапаттуу үйлөр менен камсыз кылууга биринчи кезекте маани берип келебиз», – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-апрелде, Бишкек шаарынын Кубанычбек Маликов көчөсүндөгү Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жай комлексинин жаңы блокторунун ачылыш аземинде.

Мамлекет башчысы бүгүнкү батирлердин ачкычтарын тапшыруу – масштабдуу комплекстин курулушунун экинчи этабынын ийгиликтүү аякташы экенин баса белгиледи.

«Бул ири долбоордун алкагында жалпысынан 5 миңден ашык батир салынып, кезек күткөн жарандарыбыздын колуна өткөрүлүп берилмекчи. Өткөн жылдын аягында аталган комплекстин биринчи этабында биз 510 батирди муктаж болгондорго тапшырган элек. Турак жай комплекси 2026-жылдын соңунда толугу менен бүткөрүлүп берилет», – деп Садыр Жапаров канааттануу менен айтты.

Бул этапта 476 батирлүү 18 кабат үй курулду. Жалпысынан турак жай комплекси 18 жана 24 кабаттан турган отуз тогуз блокту камтыйт.

«Кыргызстан – социалдык мамлекет. Андыктан өлкөбүздүн социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө, анын ичинде элибизди жеткиликтүү жана сапаттуу үйлөр менен камсыз кылууга биринчи кезектеги мааниге ээ», – деп баса белгиледи Президент.

Садыр Жапаров белгилегендей, кезекке туруп, батир алып жаткандардын катарында жаш үй-бүлөлөр, мугалим агай-эжейлер, дарыгерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, күч органдарынын кызматкерлери жана чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиз бар. Ошентип, “Менин үйүм” программасы узак мөөнөттүү, жеткиликтүү жана туруктуу шарттар менен ипотекалык каржылоону камсыз кылууда. Бул иш-аракеттер муктаж жарандарыбыз үчүн өз үйүнө ээ болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Мамлекет башчысы турак жай менен камсыздоо жаатындагы социалдык милдеттерди чечүү аркылуу экономиканын туруктуу өнүгүшүнө жана жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатууга жетишерибизди ырастады.

Мындан тышкары Президент жер-жерлерде жаңы турак жай куруу үчүн мезгил кутулары салынганын баса белгилеп өттү. Азыркы тапта республика боюнча 60 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. Ал ипотекалык механизмдердин жардамы менен турак жайга муктаж болгон бардык жарандарды үй менен камсыз кылабыз деген ишенимин билдирди.

Ал ошондой эле турак жай курулуштарынын жогорку темпине жана алардын сапатына да катуу талаптар коюлуп жатканына көңүл бурдурду. Ар бир долбоордо сейсмикалык коопсуздук, энергия натыйжалуулугу, инфратүзүмдүн толуктугу камсыздалган мектеп, бала бакча, спорт аянтчалары жана жашоо үчүн керектүү башка объектилер эске алынган.

Мамлекет башчы сөзүнүн соңунда турак жай саясаты ишенимдүү улантыларын баса белгиледи.

Андан соң Президент Садыр Жапаров жаңы батирлерди көрүп чыкты жана жашоочулар менен баарлашып, алардын үйлөрүндө кут жана бакубатчылык болушун каалады.

Связанный пост