Президент Садыр Жапаров Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Москвага жасаган расмий сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту.

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууга басым жасоо менен эки тараптуу күн тартибинин артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Президент Садыр Жапапровду жана жалпы кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктап, кыргыз мамлекет башчысынын расмий сапары тарыхый датага дал келгендигинин символикалуулугун белгиледи.

“Сиз Ржев шаарында Ржев-Вяземский багытындагы салгылашууларда курман болгон кыргызстандык жоокерлердин мемориалынын ачылыш аземине катышып, бүгүн Жеңиш күнүнө арналган аскердик парадга ардактуу конок катары катыштыңыз. Кыргызстан дагы, Россия дагы фронттун жоокерлеринин жана ооруктун эмгекчилеринин эрдигин эстен чыгарбай, аны биздин жарандардын келечек муундарына өткөрүп беришет”, – деди Михаил Мишустин.

Ошону менен бирге, Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы расмий сапардын алкагындагы Президент Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Россия Федерациясынын Өкмөтү өзүнүн багыты боюнча жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууладын ыкчам ишке ашуусун камсыздаарын баса белгиледи.

Михаил Мишустин Кыргызстан Россиянын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин белгиледи. Россия тарап соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө чын дилден кызыкдар.

“Рыноктун оор шарттарына карабастан, биздин байланыштарыбыз өнүгүп жатат. Өткөн жылы биздин өз ара соодабыз 3 миллиард доллардан ашып, тарыхый жогорку чекке жетти. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында товар жүгүртүүнүн көлөмү дагы 30 пайызга өсүп, 830 миллион доллардан ашты”, — деди Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы.

Россия өкмөтүнүн башчысы ошондой эле Россия Кыргызстанга инвестиция салуу боюнча лидерлердин бири экенин, ал эми россиялык бизнес республиканын энергетика, өнөр жай, тоо-кен жана санариптик тармактарында жигердүү иштеп жатканын баса белгиледи.

“Биз Кыргызстандын жетекчилиги россиялык ишкерлердин ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүсүн улантат деп күтөбүз”, – деп кошумчалады Михаил Мишустин.

Президент Садыр Жапаров Михаил Мишустинди Жеңиш күнү менен куттуктап, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы ишенимдүү саясий диалогдун жана түзүлгөн кызматташтыктын аркасында кыргыз-орус мамилелери салттуу союздаштыктын жана узак жылдык достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана колдоонун негизиндеги стратегиялык өнөктөштүктө динамикалуу өнүгүп жатканын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап эки тараптуу күн тартибиндеги, анын ичинде евразиялык интеграциянын жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы макулдашууларды жана маселелердин комплексин ишке ашырууда Россия Өкмөтүнүн практикалык колдоосун жогору баалай турганын белгиледи. Россия Кыргызстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири.

Кыргызстанда орус тилинде окутулган 9 орто мектепти куруу боюнча биргелешкен ири долбоорду ишке ашырууга токтолуп, Садыр Жапаров бул тарыхый келишим, союздук мамилелердин, эки өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктүн далили экенин белгиледи.

Мындан тышкары, ал быйыл Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде окуучулардын тамактануусу боюнча долбоордун ишке ашырылганына 10 жыл толуп жатканын эске салды. Бул долбоорду ишке ашыруу 640тан ашык мектепти ысык тамак менен камсыздоого жана Республикалык мектептик тамактануу компетенция борборун ачууга мүмкүндүк берди.

“Бул биз үчүн абдан маанилүү долбоор. КМШнын бардык өлкөлөрү үчүн мектепте тамактануу темасынын маанилүүлүгүн түшүнүү менен жана Шериктештикте төрагалык кылуучу өлкө катары кыргыз тарап үстүбүздөгү жылдын аягында КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамактануу форумун өткөрүүнү сунуштоодо. Биз орус тарапты бул иш-чарага активдүү катышууга чакырабыз”, – деди Садыр Жапаров.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө аймактар ​​аралык кызматташтык жемиштүү өнүгүп жатат. Жыл сайын өтүүчү Региондор аралык конференцияларды өткөрүү тажрыйбасы өз ара аракеттенүүнүн маанилүү куралы экенин далилдеди.

“Быйыл, мен билгендей, кийинки 10-конференция бизде, Кыргызстанда өтүшү керек. Ушул жылы региондор аралык конференцияны мурдагы СССРдеги союздук маанидеги өнөр жай борборлорунун биринде, азыр өсүштүн маанилүү жерлеринин бири болгон Жалал-Абад шаарында өткөрүүдө орус тараптын колдоосуна ишеним артам”, – деп кошумчалады Президент.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Связанный пост