Президент Садыр Жапаров Марокконун Королу Мухаммед VI катуу жер титирөөнүн кайгылуу кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты

 Президент Садыр Жапаров Марокконун Королу Мухаммед VI катуу жер титирөөнүн кайгылуу кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катуу жер титирөөнүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Марокконун Королу Мухаммед VI бин Аль-Хасанга көңүл айтты.

“Ушул жылдын 8-сентябрында болгон жер титирөөдө адамдар каза болду, деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, – деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Связанный пост