Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курамасын Афганистан курамасы менен беттеште колдоп келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда, баш калаанын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн Кыргыз Республикасы менен Афганистандын улуттук курамаларынын футболдук беттешине барды.

 

Беттеш Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) бүгүн башталган биринчи эл аралык турниринин алкагында өтүүдө.

 

Турнирдин беттештери 10-20-июнь күндөрү Ташкент менен Бишкекте Кыргызстан, Өзбекстан, Афганистан, Иран, Оман, Тажикстан жана Түркмөнстандын Улуттук курама командаларынын ортосунда өтөт.

 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Афганистандын курама командасын 1:0 эсеби менен утуп алды.

Связанный пост