Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Венгрияга барат

 Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Венгрияга барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке (2023-жылдын 19-29-августунда өтөт) байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн 20-августта Будапешт шаарына иш сапары менен барат.

Бул тууралуу КР Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Аталган иш-чарага башка мамлекет башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө. Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара карым-катнаштын келечегин талкуулашат», – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Связанный пост